Тандырдын жаралышы

Кыргызстандын башка аймактарынан айырмаланып, Ошто тандыр эң көп колдонулган тиричилик буюмдарынын бири. Тандырдын беш миң жыл мурда пайда болгону айтылат. Ал кадимки ылайдан жасалган жана ошол мезгилде адамдардын жашоосунда чоң ролу болгон.
Осмон Ортиков күнүгө эрте менен туруп өзүнүн сүйгөн жумушун жасоого шашылат. Уста 10 жылдан ашык убакыттан бери тандыр жасап, ылай менен алпурушуп үй-бүлөсүн багып келет. Ал мектепти аяктаган соң жогорку билим алган эмес. Бул өнөрдү устага шакирт түшүп үйрөнгөнүн айтат.


Тандыр жасоо өнөрүн аркалап кеткени үчүн Осмон уста өкүнгөн эмес. Бирок мындай жумуш талыкпаган эмгекти талап кылгандыктан жана бир күн бою ылай кармап, иштегендиктен кээде сыркоолоп калган учурлары болот. Андай учурда шакирттери көз салып үйрөтүп турат. Шакирттеринен да мыкты тандырчы чыгаарына ишенет. Анткени, окуучуларынын бул өнөргө кызыгуусу күчтүү.

Осмон уста тандыр жасоочу жайын ижарага алып иштетет, антепесе үйүнүн короосуна батпайт.




Осмон уста айтып бергендей, тандыр жасоодо биринчи топурак тандалат.
Аны Кара-Суудагы Бирлешкен айылынан алдырат. Анткени бул топурактын курамында туз жок дейт ал. Топурактын бир камазын 4000 сомдон сатып алып, андан 30дай тандыр жасап чыгарат.

»
Алгач топуракты күнгө жакшылап кургатып андан соң электен өткөрүп алат да, майда топуракты атайын идишке салып суу жана жүн кошуп жакшылап, жүн бир жерге уюп калбашы үчүн аралаштырылат. Андан соң бир-эки күнгө үстүн жаап "дымдап" коюшат. Жүндү негизинен жашоочулар бекер эле алып келип беришет. Эгер жакшы сорттогу жүндөр керек болсо, анда эчкинин тыбыты жок жүндөрүн килограммын 20 сомдон сатып алышат. Тыбыты жок жүндү Осмон уста көбүнчө набайчы тандырларга пайдаланат. Мындай тандырлар чоң болгондуктан жүн ылайды бекем кармап турууга жардам берет.


Бышкан даяр ылайдан тандыр жасоо иштери башталат. Тандырды жасоо үч баскычтан турат. Биринчи баскычта адегенде тандырдын түбү жасалып, күнгө коюлат. Бир күндөн кийин тандырдын ортоңку бөлүгү кошулуп тургузулат. Үчүнчү баскычта болсо үстүңкү бөлүгү жасалып, андан соң тандырдын оозу өзүнчө жасалат. Бул иштердин баарында Осмон устага эки шакирти кол кабыш кылат.

Жаз жана жай мезгилдеринде жасалган тандырлар күндүн табында эле кургап, үч күндө пайдаланууга болоорун айтат Осмон уста. Күн суук болуп калганда ал жыгач кырындыларынан от жагып кургатат. Кырындыны тандырдын ичине салып беш-алты саат күйгүзүп, аны табы менен 2 күндө тандыр пайдаланууга даяр болуп калат.



Тандырдын төрт түрү бар: набайчы тандыры, самса тандыр, үй тандыр, жана бетон тандыр. Негизи булардын ичинен уста бетон тандырдан башка баарын жасайт. Айтымында, айырмасы көлөмүндө гана болбосо, баары бирдей жасалат.

Ошто бетон тандырды колдонгондор Тажикстандан алып келишет. Кээ бир набайчылар кадимки набай тандырдын ичине тор кийгизип, анан тегиз кылып бетондоп чыгып, бетон тандыр деп колдонуп жүрүшөт. Ал эми бетон тандыр Тажикстанда жасалат, Ошто жок. Мындай тандырды жасоо үчүн атайын куралдар керек болот жана ал бир гана цемент жана кумдан жасалат.

Булардын ичинен көлөмү боюнча эң чоңу – набайчы тандыры. Узундугу 160 сантиметр болот, көлөмү чоң болгондуктан бекем кармап туруу үчүн жүнгө кошумча катары зым да колдонулат. Ал эми самса жасоочу тандырдын көрүнүшү конус түрүндө болот.

Тандырлардын калыңдыгы 2,5-5 сантиметр болуусу керек.
Тандыр жасоо жаз айынан тартып ноябрь айына чейин уланат. Ал эми кыш кирээри менен тандырчынын жумушу толугу менен токтоп калбайт. Ал суук күндөрдө жай мезгилинде жасап даярдап койгон 30 чакты тандырын сатуу менен алектенет.


Осмон Ортиков тандырды канчалык көп кызытса, тандыр ошончолук бат кызып, отун үнөмдөлөөрүн айтат.

"Тандырды эрежеси менен орнотууанын узак жылга 10 жылга чейин кызмат кылышына жардам берет. Кээ бир адамдар туура эмес орнотуп алып, сапаты начар экен дегендери да бар. Ошондуктан тандырды үйгө алып баргандан кийин аны орнотууга өзгөчө көңүл буруш керек. Тандырды биринчи жолу кызытып жатканда бир күн бою от жагууну сунуштайм. Бирок, көбүнчө аялдар бир күн кечке күйө турган желим буюмдарды же болбосо эски кийимдерди тыгып, күйгүзүп кызытышат бул туура эмес. Бир гана отун жагуу керек", – дейт тандыр уста.


Тандырчынын кардарлары – көбүнесе соодагерлер жана набайчылар. Алар устага атайын буйрутма берип жасатышат. Набайчылардын тандыры көлөмү жагынан чоң болгондуктан 3000-4500 сомдун тегерегинде. Ал эми үй тандырлары 1000 сомдон. Уста кардар издеп убара деле болбойт кардарлары өздөрү келип алып кетишет алып-сатарлар кеминде бир тандырга 500 сомго чейин кошуп сатышат.

Алган тандырын алты жылдан бери пайдаланып, эми жаңылаш керек болуп, кайра тандыр алганы келгенин айтат Ош шаарынын чет жакасындагы айылдын тургуну Элмира Кошбакова.

"Тандырды өзү жакшылап карап, туура пайдалансаң көп жылга чейин эле колдонсо болот. Менимче баасы жакшы эле, соодагерлерден алсаң, кымбат болот ошого ушул жерге келип алайын дедим", - дейт Кошбакова.

Осмон устанын кесиптештери Ош шаары боюнча бештин тегерегинде экенин айтат. Ал келечекте өзүнүн өнөрүн колунда тарбияланып жаткан эки шакиртине өткөрүп берүүнү каалайт.

Авторлор:
Элдос Султанов, Жаңылай Алимбек кызы, Осмонова Курманжандатка
© 2016 Ынтымак КРТРК Медиа мектеби
Made on
Tilda